Чаткалда 20 жылдыктар көп балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди

Чаткалда 20 жылдыктар көп балалуу муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Кара-Булак айылындагы 1985-жылкы бүтүрүүчүлөр тарабынан көп балалуу аз камсыз үй-бүлөгө үй курулуп, аны тапшыруу аземи болуп өттү.

Аксакалдар, келген коноктор үй ээсин ак өргөөсү менен куттуктап, жакшылыктарды каалап, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришти.