Чаткалда дан эгиндерин оруп-жыйноо 20 күн эрте башталды

Чаткал районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Быйылкы жылы аба ырайынын өзгөчө ысык жана кургак болушуна байланыштуу, оруп-жыйноо өнөктүгү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 20 күн эрте башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Ала-Бука районунда түшүмдү өз убагында жана жоготуусуз жыйноону камсыздоо максатында Жалал-Абад облусунун Сузак районунан кошумча 3 даана комбайн тартылып, талаа иштерине киришти. Ошондой эле, Ала-Бука районунун өзүнөн да комбайндар тартылып, оруп-жыйноо иштери ыкчам уюштурулууда. Чаткал районунда дан эгиндерин жыйноо иштери башталып, комбайндар талааларга тартылды. Аймактагы агрардык кызматтар тарабынан түшүмдү өз убагында жыйноо боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Оруп-жыйноо өнөктүгүн коопсуз жана үзгүлтүксүз өткөрүү максатында бардык тиешелүү мекемелер жана кызматтар биргелешип иш алып барууда.