Чаткалда кар калың жаап, кар көчкү түштү

Такталган маалыматка ылайык, Чаткал районуна караштуу Чаткал айыл өкмөтүнүн Курулуш айылында түнкү саат 03:30дар чамасында кар көчкү түшүп, 1 турак үйдүн короосуна чейин жеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, кар көчкүдөн адам өмүрүнө коркунуч жана жабыркагандар жок экендиги аныкталды. Учурда Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу тартылып, турак үйдүн короосунда кар көчкүдөн тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.