Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сайда кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал эми бүгүн издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 6 жарандын ичинен 3 адамдын сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди. Калган 3 жаранды издөө иштери эртең уланат.