Чаткалда кар көчкү алдында калган 5 жаранды издөөгө кошумча топ тартылды

ӨКМ маалымат таратып, саат 13:00дө Чаткалдагы окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 адамдан турган куткаруучу топ жеткирилгенин билдирди.

Коопсуздукту камсыздоо максатында алар үч адамдан турган звенодо иштеп, ар бирин коргоочу аркандары менен байланыштырып, иш алып барышууда. Жеринде аба ырайын көзөмөлдөө кызматкерлери кар көчкү түшүү коркунучун баалап, куткаруучулар үчүн коопсуз жайгашуу аймактарын көрсөтүп берүүдө.

Жакын аралыкта дагы эки топ жөнөтүлүп, бардык коопсуздук чараларын сактоо менен калган жарандарды издөө иштери улантылат. Аймакта дагы деле кар көчкү түшүү коркунучу өтө жогору бойдон. Куткаруу иштери өтө кооптуу зонада жүргүзүлүүдө.

9-октябрда Каныш-Кыя айылынан 14 тургун жана бир чет элдик жаран Эндик сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырларын издөө үчүн тоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 16-октябрда ыкчам-издөө иштери натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган. Бүгүн издөө иштеринин жүрүшүндө бир жарандын жансыз денеси табылды. Калган беш адамды издөө иштери улантылууда.