Чаткалда кар көчкү алдында калган төртүнчү жарандын жансыз денеси табылды

Чаткалда кар көчкү алдында калган төртүнчү жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштеринин натыйжасында, дайынсыз болуп жаткан 6 жарандын ичинен төртөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди.