Чаткалда кар көчкү алдында калган үчүнчү жарандын жансыз денеси табылды

Чаткалда кар көчкү алдында калган үчүнчү жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Сайда көчкүдөн улам дайынсыз болгон жарандарды издөө иштерин улантууда. Издөө иштеринин натыйжасында 5 жарандын ичинен үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди. Калган үч жаранды издөө иштери дагы эле уланууда.