Чаткал жергесине жумушчу сапарынын алкагында, Камчыбек Ташиев пландан тышкары негизде Чаткал райондук төрөт үйүнө барды. Имараттын шарттарын жана медициналык каражаттарга байланыштуу жагдайды өз көзү менен көрүп чыгып, Чаткалдагы райондук төрөт үйүн толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасын тийиштүү жетекчилерге берди.
Атайын кызматтын төрагасы район эли менен жолугуп, кубанычтуу кабар менен бөлүштү. Мындагы көп балалуу энелер эки миллион сомго чейин сүйүнчү пул ала алышат. Анткени Чаткал 1800 метрден бийик, тоолуу район болгондуктан, ар бир үй-бүлөгө атайын программага катышуу мүмкүнчүлүгүн ачат.
Чаткал районундагы кен казган компаниялардын белгилүү бир өлчөмдөгү үлүштөрү мамлекетке өтөт. Атайын кызматтын төрагасы, компаниялардын ишмердүүлүгү УКМКнын көзөмөлүнө алынарын баса белгиледи. Жыйында УКМК төрагасы райондогу иштер боюнча айыл өкмөт башчыларына жана айрым жетекчилерге эскертүү жана тапшырмаларды берди. Ошондой эле, Жалал-Абад облусундагы ар бир жетекчинин ишмердүүлүгү текшериле турганын кошумчалады. Жергиликтүүлөр атайын кызматтын төрагасына маселелерин айтып, ыраазычылыктарын билдирди. Айрымдар кат түрүндө кайрылышты.