Чехиядан келген 35 жаштагы турист Ала-Арчада бутун кокустатып, тоодон түшө албай калган

Чет өлкөлүк жаран тоодо бутун кокустатып алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-август күнү Чехия Республикасынан эс алууга келген 1986-жылы туулган турист аял (туристтик компанияга катталган эмес) Ала-Арча жаратылыш паркында тоодо саякаттап жүрүп бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган. Жерине куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн  ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 4 куткаруучу тартылып, саат 16:06да чыгып кетишкен. Куткаруучулар жабыркаган адамды саат 01:40та тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.