Чек ара аймагындагы Унжу-Булак тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал бүгүн, 5-июнда саат 09:00гө карата салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, жаңжал катталган жок. «Абалды жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта. Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.