Тажикстандык экс-министр Ташиевдин сөзүнө нааразычылык айтып чыкты

Бүгүн, 31-мартта Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди чала саясатчы атап, анын ишмердүүлүгүн сындап чыкты. «Тажикстан — суверендүү өлкө, анын чек аралары кол тийгис да, берилгис» дейт кошуна өлкөнүн экс-министри. Мындай пикирин ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи: «Ворух жергеси анклав эмес, ал аймак бардык тарыхый документтерге, саясий жана географиялык карталар боюнча Тажикстандын түбөлүктүү аймагы», — дейт. Ал өз сөзүн «Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө сүйлөшүүлөрүнүн биринчи жыйынтыктары болбогон сөз. Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев деген деги өзү ким?» деп баштаган.

«Бул чала саясатчы сүйлөшүү процесстеринин эрежелерин жана этика менен башка өлкөнүн делегациясына урмат-сый менен мамиле кылыш керек экендигин эске албай, буга чейин өз өлкөсүнүн Ак үйүнө болгон жортуулу сыяктуу тажрыйбаны башка өлкөгө колдонуп көрүүнү чечти. Тажикстандын аймагы Ташиев секирип өткөндөй Ак Үйдүн тосмосу эмес. Тажикстан — суверендүү өлкө, анын чек аралары кол тийгис жана берилгис. Биздин эл жана өлкө туруктуулукту жана эмгекти, тынчтыкты сүйөт. Аны менен катар акыл-эстүү өкмөтүбүз жана башчыбыз бар. Андыктан биз биздики эмес болгон жерлерди талаша бербейбиз жана талап кылбайбыз. Ошондой эле өзүбүздүн касиеттүү жерибиздин бир сантиметрин эч ким менен бөлүшпөйбүз», — дейт Тажикстандын мурдагы аткаминери.

Бул билдирүүгө улай ал тажик жерлеринин бөлүктөрүнүн ордуна кайра эле тажик жерлерин сунуштоонун кажети жок дейт.

«Менин оюмча, жыйынтык чыгарууга шашпоо керек. Биз кылымдар бою кыргыздар менен жанаша жашап, жеңиштердин кубанычын жана жеңилүү ызасын бир эмес, бир нече жолу белгиледик. Биз биргелешкен тарыхты, оор учурларда бири-бирибизге сунган колубузду унутпайбыз», — деп жазды Хамрохон Зарифи.

26-мартта Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда: «Ворух анклавы боюнча Тажикстанга 2 сунуш бердик. Биринчи сунушубуз, ушул анклавды мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Ченеп токтотобуз. Мындан ары анклав өспөйт. Бирок анклавдагы өзүбүздүн аянтыбызга пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ак-Сайды айланып өтө турган», — деп айткан.

УКМКнын төрагасынын сөзү коңшу өлкөнүн чиновниктеринин безине тийген өңдүү. Жогорудагы билдирүүнү улай Ворухка Тажикстан президенти Эмомали Рахмон келе турганы белгилүү болду.