Алоолонуп күйүп жаткан үйлөрдүн видеосу тарап жатат. Чек ара жаңжалында тартылганбы?

Социалдык тармакта жана мессенжерлерде чек ара жаңжалынан улам делип, алоолонуп күйүп жаткан үйлөрдүн видеосу тарап жатат. Азырынча бул турак-жайлар Баткендин кайсы айылына караштуу экендиги тууралуу маалыматтар белгисиз жана бүгүнкү жаңжалга тийиштүү экендиги ырастала элек.

Буга чейин да Көк-Таш айылында кыргыздарга таандык бир канча үйлөр өрттөнүп жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок ал маалыматты Баткен облустук администрациясы төгүндөгөн болчу.