Чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алган чек арачыга Ташиев каржылык жардам көрсөттү

Бүгүн, 12-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, 2022-жылы Баткен чек ара жаңжалында көзүнө жарылгыч заттын учкуну чачырап, эки көзүнөн жаракат алган Элдияр Төлөновду кабыл алып, каржылык жардам көрсөттү.

Элдияр Төлөнов 2021-жылы Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтун аяктап, 2021-2022-жылдары ИИМ ИА (Баткен) бөлүмүнүн батальондорунун биринин командири, андан соң ротанын командиринин орун басары болуп мамлекетке кызмат өтөгөн. 2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Түркиядан, андан соң Москва шаарынан дарыланып келет. Элдияр Төлөновдун 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин мамлекет тарабынан 1 миллион 794 миң сом бөлүнүп берилип, андан тышкары Бишкек шаарынан батир алынып берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсия төлөнүп турат.

УКМК төрагасы ушундай эл-жерин коргогон чыныгы офицер, патриот уулду тарбиялап өстүргөн Элдияр Төлөновдун ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди. Мындан нары дагы колунан келген жардамын аябастыгын, жардам токтобостугун, ден-соолугуна кам көрүү үчүн болгон аракетин жасаарын айтып, Элдияр Төлөновго ден соолук тиледи.