Чек ара жаңжалында жабыркагандардын абалы жана ооруканадан качан чыгары айтылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта жабыркап Улуттук госпиталда дарыланып жаткан бейтаптар жакынкы убакта чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Улуттук госпиталдын №2 Нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Талант Жапаровдун айтымында, бейтаптардын абалы канааттандырарлык. «Биздин бөлүмгө беш киши түшкөн. Экөөнө операция жасалган, абалы турукташты. Мурду сынган дагы бир бейтап ЛОР бөлүмүнөн операция болду. Аларды толук текшерип, дартын айыктырдык, жакынкы күндөрү чыгарабыз», — деди ал.

Ал ошондой эле бейтаптар тарабынан медициналык жардамдын сапатына, дары-дармек жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча даттануулар болбогонун белгиледи. Бардыгы бекер дарыланууда.