Чек ара жаңжалында каза болгон кыргызстандыктын сөөгү өз үйүнөн табылды

иллюстрация

Каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү Максат айылындагы өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, каза болгон жаран 53 жашта болчу. Ал башка тургундар качып кеткен айылда өзүнүн үйүн сактайм деген максатта калып калган. Окуя болгон күнү жалгыз болгондуктан үйүнөн чыга албай калган. Анын артында 3 баласы калды.

Бүгүн, 3-майга карата кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган жарандардын саны 183кө жетсе, 35 адам көз жумду.