Чек ара жаңжалында каза болгондордун бири — 19 жаштагы Абдибахап уулу Султанбек

Баткенде жаш машыктыруучу жана футбол калысы Абдибахап уулу Султанбек каза болду. Султанбек чек арадагы куралдуу жаңжалда каза болгон адамдардын катарында. Бул туралуу кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19 жаштагы Султанбек «Нур-Баткен» (Баткен облусу) клубунда ойноп, «D» машыктыруучулук лицензиясына ээ болгон. Ошондой эле жаштар арасындагы чемпионатта калыстык кылып келген.