Чек ара жаңжалында көчүрүлгөн эл үйлөрүнө жөнөтүлдү

Чек ара жаңжалында көчүрүлгөн эл үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн штабдын чечимине ылайык, бүгүн, 9-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам, коопсуз жайга чыгарылган тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун жарандары менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди. Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат.

28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 миң 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16 миң 147си аялдар, 23 миң 931и балдар. Баткен району боюнча 14 миң 361 жаран, Лейлек району боюнча 26 миң 288 адам эвакуацияланган болчу.