Чек ара жаңжалында күйүп кеткен май куюучу жайлардын бири Камчыбек Ташиевге таандыкпы? УКМКнын жообу

иллюстрация

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чек ара жаңжалы учурунда күйүп кеткен май куюучу жайлардын бири УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык болгон деп жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Материалдарда көрсөтүлгөн «Томас жана Ко» компаниясы Камчыбек Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгон.

«Бул билдирүүлөр чагымчыл адамдар тарабынан атайылап жайылтылып, атайын кызматтын жана Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында, Кыргызстандын жарандарына туура эмес маалымат таратып жатышат. УКМК билип туруп жалган маалымат таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет»,- деп айтылат маалыматта.