Чек ара кызматы: «Баткен шаарынын аэропортунун чет жакасы аткыланды»

Баткен шаарынын аэропортунун чет жакасы жана шаардын четиндеги объектилер аткыланды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Тажик тараптын ракеталык системдин аткылоосуна шаардын айланасындагы объектилер да дуушар болду. Жарандык инфраструктуранын объектилери талкаланды. Буга чейин социалдык тармактарда Баткен шаарында имараттардын бирине снаряд тийип, ал өрттөнүп жатканы маалымдалган.