Чек ара кызматы: «Головной» тилкеси толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө» 

Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аскерлеринин санын көбөйттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда эки тараптын тирешүүсү уланууда, эки тарап тең курал колдонуп жатат.

Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан «Головной» тилкеси толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө.