Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында 500 жүк ташуучу унаа турганын билдирди

20-ноябрь саат 11:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 500 жүк ташуучу унаа турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 унаа чыккан. Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин белгиледи. Жаныбарлар жана тез бузулуучу азык-түлүк менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт.