Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында 600дөн ашуун унаа турганын билдирди

Бүгүн, 23-августта “Ак-Тилек-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларынын маңдайында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Саат 13:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыкканга 493 унаа турат, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 автоунаа турат.

Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 унаа чыккан.