Чек ара кызматы: «Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда 119 жүк ташуучу унаа турат»

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. «Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Тилек-Автожол» өткөрүү пунктунда унаалардын анча-мынча тыгыны байкалууда. Чек араны көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунан өтүү үчүн кезекте 119га жакын жүк ташуучу унаа турат. Жогоруда аталган өткөрүү пунктундагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк жүгүртүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу циклдик мүнөзгө ээ жана негизинен дем алыш күндөрү, ошондой эле базарлар уюштурулган күндөрү байкалат», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматы чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн кыргыз тарапка эч кандай чектөө жок экендигин белгилейт. Жеңил унааларга жана жүргүнчүлөрдү ташууга чектөөсүз уруксат берилген.