Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Тилек-Автожол» өткөрүү пунктунда унаалардын анча-мынча тыгыны байкалууда. Чек араны көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунан өтүү үчүн кезекте 120га жакын жүк ташуучу унаа турат.
«Бул жерде унаалардын тыгыны циклдик мүнөзгө ээ, жүк ташуунун көбөйүшү менен байланыштуу. Бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга «Кең-Булуң» өткөрмө пункту аркылуу өтө алышат»,- деп айтылат маалыматта.