Чек ара кызматы: “Кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты“

Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага чектеш аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жарандары Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке унаада Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ушул эле убакта ушул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 унаадан турган колонна Ворух анклавынан Ходжаи-Аало айылына бара жаткан.Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен  Кыргызстандын жарандарынын унаасынын жолун кесип өткөн.

Мунун кесепетинен Дача жергесинде  жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен  Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чыр-чатак күчөп  кетпеши үчүн  окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген. 

Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары — Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМинин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылышып, унаасынын арткы айнегин сындырышкан. 

Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын бардык күч түзүмдөр жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө. УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого үндөйт,- дешти.