Чек ара кызматы Кыргызстанга Ооганстандан качкындар келгени тууралуу маалыматты четке какты

иллюстрация

Социалдык тармактарда Ооганстандан качкындар Кыргызстанга келип жатат деген маалымат  чындыкка да келбейт, анткени эки өлкө чектешпейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чек ара башкармалыгы Ооганстанда болуп жаткан окуяларды жана Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан менен чектеш аймактардагы абалды тыкыр көзөмөлдөп турат. 

«УКМКнын Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара өкүлчүлүктөрүнүн кызматтары менен өз ара кызыкдар болгон маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөттү. Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана укук коргоо органдары менен биргелешкен аракеттер планы иштелип чыкты жана мамлекеттик чек арадагы кырдаал курчуп кеткен учурга өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыкты.

«Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде убактылуу чек ара посттору орнотулган. УКМКнын чек ара кызматы башка күч структуралары менен биргеликте пландуу чалгындоо жана издөө иш-чараларын жүргүзүүдө », — деп айтылат маалыматта. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы чет өлкөлүктөр чек ара бекеттери аркылуу уруксат документтери болгондо гана кире аларын эскертти.

Эске сала кетсек, 15-августта радикалдуу «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялаган. Президент Ашраф Гани кызматтан кетти. Кабулда аккредитацияланган мамлекеттердин дипломатиялык миссиялары өз жарандарын эвакуациялай баштады. Миңдеген качкындар да республикадан кетүүгө аракет кылышууда.