Чек ара кызматы Лейлекте тажик чек арачылары ок чыгарган окуя боюнча маалымат берди

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактагы курал колдонуу боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, Кыргыз жараны КамАЗ унаасы менен Максат-Жаштык унаа жолунда бара жаткан. Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жүрөт. Айдоочу суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда тажик чек арачылары унаага отуруп, Тажикстандын аймагына өтүүнү талап кылган. Ал тажик чек арачыларын унаанын ичине отургузуп, жолун улап бара жаткан. Көңүл бурдуруу үчүн айдоочу күтүүсүздөн жолдо келе жаткан дагы бир унаанын жолун тосуп, тажик аскерлери тарабынан кармалганын айтып кыйкырганга үлгүргөн. Тажик чек арачылары унаадан түшүп, айдоочу унаасын айдап кеткен. 

Тажик аскер кызматкерлери КамАЗга ок чыгарып, алдыңкы айнекке 3 жолу ок чыгарышкан. Алардын курал колдонуусунун кесепетинен айдоочу айнектин сыныктарынан анча чоң эмес жаракат алган. Учурда Лейлек тилкеси боюнча Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү менен Ганчинский тилкеси боюнча Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Окуя болгон жерде жагдайды тактоо үчүн УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы жүрөт. Мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды УКМКнын Чек ара кызматы көзөмөлдөйт.