Чек ара кызматы: «Тажик тарап «Достук» чек ара бекетине кол салды»

29-апрелге карата Баткен облусунун Баткен районунун «Головной» аймагында абал курч бойдон калууда. Буга чейин Исфара-Ворух унаа жолун Кыргыз жарандары тосуп алышкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Саат 14:05те «Головной» аймагында тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталды. Атышуу учурунда Кыргыз жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышты. Андан кийин болжол менен кечки саат 5терде тажик тарап «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара бекеттерине, ошондой эле «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок чыгарган.

Миномет менен аткылоонун кесепетинен Баткен чек ара отрядынын «Достук» чек ара заставасынын имараты өрттөнүп кетти. Тажикстандын коопсуздук кызматкерлеринин аракеттерине жооп кылып, УКМКнын атайын багыттагы «Бөрү» отряды Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара бекетин басып алган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча эки тараптан тең кошумча күчтөр жана каражаттар тартылып жатат», — деп айтылат маалыматта.