Чек ара кызматы: «Тажик тарап Оштун Чоң-Алайындагы чек ара заставаларына ок чыгарды»

Тажик тарап Оштун Чоң-Алайындагы чек ара заставаларына ок чыгарды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«Саат 12:37де тажик тарап кыргыз чек арачыларынын айылдагы позицияларын миномёттор жана артиллериялык түзүлүштөр менен аткылай баштады. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө чек ара тозотторун аткылашты. УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жооп иретинде ок атышты. Бирок окуяны басаңдатуу үчүн Кыргызстандын аскер кызматкерлери биринчилерден болуп ок атууну бир тараптуу токтотушкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө»,- дешти.