Чек ара кызматы: «Тажик тарап траншея казууга аракет кылган»

иллюстрация

Тажик тарап траншея казууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. 

«Головной суу бөлүштүрүүчү аймагында тажик тарап мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерге майда таш төгүп, жол иштерин жүргүзө баштады. Кийинчерээк Тажикстандын жарандары Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында атайын техниканы: экскаваторду, жүктөгүчтү, беш КамАЗды колдонуп траншеяларды казып башташкан. Жагдайларды тактоодо бул иштер Исфара шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлгөнү белгилүү болду», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Департамент эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу дароо болгонун белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншеяларды казуу иштерин токтоткон.