Чек ара кызматы: «Тараптар телефон аркылуу сүйлөштү. Тажик тарап ок атууну токтотпой жатат»

16-сентябрь саат 10:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин колбашчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү. Бирок тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат. Саат 8:30дан баштап УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.