Чек ара кызматы: «Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлчүлүк аппараттарынын жолугушуусу өтүп жатат»

4-май саат 17:00гө карата кыргыз-тажик мамлекетитк чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда мамлекеттик чек арадагы абалды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлчүлүк аппараттарынын жолугушуусу өтүп жатат.

Буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иши уланууда. Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү жана бирикмелери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.