Чек ара кызматы: «Ысык-Көлдө мини-дрон кулады»

Социалдык тармактарда «Ысык-Көлдө пилотсуз учак кулады» деген видео тараган. Ошондой эле жеринде өрт өчүрүүчүлөр жүргөнү да маалымдалган.

Буга байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратты. «Бүгүн, 14-августта Балыкчы шаарындагы машыгуу полигонунун аймагында мини-дронду сыноо өткөрүлдү. Ал Ысык-Көл облусунун Тамчы аэропортуна кирип келе жаткан жерде кулап түштү. Жабыркагандар жок. Учурда аэропорттун аймагын мини-дрондун бөлүктөрүнөн тазалоо иштери жүрүп жатат. Сыноочулар тобу кулоо себептерин иликтешет»,- дешти.

УКМКдан Чек ара кызматынын карамагындагы Bayraktar зыянга учурабагандыгын (талкаланбагандыгын) айтышты.