Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев көз жумду

Бүгүн, 7-июнда 69 жашында Чек ара кызматынын экс-төрагасы, генерал-майор Молдошев Замир Мурзабекович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Ал 1953-жылы 25-сентябрда Сузак районунун Октябрь айылында төрөлгөн. Аскердик карьерасын 1971-жылы Самарканддагы Жогорку аскердик танкалык училищесине тапшыруу менен баштаган. 1986-жылы Бронетанкалык аскерликтер аскердик академиясын, 2000-жылы Орусиянын  Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын Аскердик академиясын аяктаган.

Замир Молдошев взводдун командиринен Чек ара кызматынын төрагасына чейинки жетекчилик кызмат орундарын аркалаган. Ал тажик-афган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуучу батальонду түзүүчүлөрдүн бири болгон. “Центразбат” тынчтык орнотуу окууларында катышкан Борбордук-Азия батальонун калыптандыруучулардын башында турган. НАТОнун күчтөрү Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын жана АКШнын “Центразбат” бөлүкчөлөрү менен биргеликте тарыхта биринчилерден болуп бул окууларга катышкан. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын жүрүшүндө көрсөткөн жеке эрдиги жана билгичтик менен башкаргандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.