Чек ара маселелерин көтөрүп чыккан жарандык активисттер жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев кечээ, 17-февралда чек ара маселелерин көтөрүп чыккан жарандык активисттер жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, Өкмөттүн аппаратынын, ТИМ, ИИМ, УКМКнын жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо, тактала элек тилкелер боюнча маселелерди чечүү жолдору жана аткезчиликке бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундардын социалдык-чарбалык абалын жакшыртуу жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү үчүн каражаттарды тезирээк бөлүп берүү зарылдыгы белгиленди.

Медербек Сатыев мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыктарын коргоодо чыныгы патриоттуулукту көрсөткөн чек ара аймактарынын тургундарына ыраазычылыгын билдирди. Ал жолугушуунун жүрүшүндө айтылган бардык маалыматтар, сунуштар жана талаптар мамлекет башчысына айтыларын, ошону менен бирге тийиштүү мамлекеттик органдарга керектүү тапшырмалар берилерин белгиледи.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев президент Садыр Жапаров чек ара маселесин көзөмөлгө алгандыгын кошумчалады.

Жарандык бирикмелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар чек араны тактоо жана аны коргоону күчөтүү иштери боюнча сунуштарын билдиришти.

Иш-чара эркин микрофон форматында өтүп, бардык каалоочулар кызыктырган суроолору менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кайрылып, керектүү жоопторун алышты.