Чек арачылар тарабынан 800 миң сомдук аткезчилик товарларды жана бодо малдарды Өзбекстанга алып бараткандар кармалды

5-февралда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жалпы суммасы 800 миң сомго мыйзамсыз мал айдап, товарларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү аракеттерин алдын алган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чек арачылар 1986-жылы туулган Кыргызстандын жараны Х.Ж. айдап бараткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын көзөмөл өткөрүү пунктунан Өзбекстанга товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармашкан.

Мындан тышкары, А.У. аттуу 1989-жылы туулган кыргыз жараны өзүнүн Дайво Нубира үлгүсүндөгү унаасы менен Өзбекстандын аймагына мыйзамыз дары-дармектерди алып чыгып кетүү учурунда кармалган.

Жалал-Абад облусунун Монол Ала-Бука районунда чек арачылар төрт баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты.

Аткезчилик жүктүн жана бодо малдын жалпы баасы 800 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер каттоодон өткөндөн кийин, кармалгандар жана аткезчилик жүк, бодо малдар кошумча иликтөө үчүн атайын органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.