Чек арада атышуу болуп жатканда ИИМдин кызматкерлери караокеде эс алып жүрүшкөнбү? Кызматтык текшерүү башталды

Социалдык тармактарга колдонуучу ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Осмонбеков тартылган видео жарыялаган.

Колдонуучу белгилегендей, ИИМ кызматкерлери 14-17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда эс алып жатышат. Өз кезегинде ИИМдин басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ички текшерүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.