Чек арада жабыркагандардын саны 50 кишиге чукулдады

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кечки саат 22:30га карата кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 46га жеткенин кабарлашты.

Алардын бири көз жумган, бирине амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Калганы ар кандай жаракаттар менен ооруканада.

Кечээ, 28-апрелде Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары менен тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Тажиктер Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына видеокөзөмөл камераларын орнотуп башташкан. Буга кыргыз жарандары каршы болуп, камераларды алууну талап кылышкан. Тажик тарап көнбөй, кайым айтышуудан таш ыргытышууга өтүшкөн. Таңга маал тажиктер Көк-Таш айылын аткылап башташкан.