Чек арада жер тилкесинен улам чыккан нааразычылык жайгарылды

Лейлектеги Булак-Башы айылында жер тилкесинен улам чыккан нааразычылык жайгарылды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-апрелде Булак-Башы айылынын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек  2,67 гектар Майты тилкесинде жазгы айдоо иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан. Лейлек райадминистрациясынын жетекчилиги жергиликтүү калкка бул тилке боюнча акыркы чечим кабыл алынмайынча эки тарап тең тилкеде эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөшү керектигин түшүндүрдү.

«Учурда бул тилке чек ара заставасынын жоокерлери тарабынан кайтарылып турат. Лейлек районунун Булак-Башы айылында акыркы 3 жылдан бери курал колдонулган жаңжал чыккан эмес. Азыркы тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу», — деп билдиришти мекемеден.