Чек арада жоголгон 2 улан Тажикстандан табылды

иллюстрация

Кыргыз-тажик чек арасында жоголгон эки улан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, аларды тажик тарап алып кеткени чын болуп чыкты. Бүгүн саат 15:15 чамаларында тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдөн кийин балдар ата-энелерине тапшырылды.

Баткен облусунун ИИББи кийинчерээк кенен маалымат берүүнү убадалады.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен соцтармактарда видео тарап, анда Бешкент айыл аймагынын тургуну чек арага чектеш жерде куруучулук иштери менен алек болуп жаткан 2 бала дайынсыз болуп жатканын ыйлап айтып берген. Ал балдардын кийимдери менен телефону алар жашап турган чатырда калып калганын, бут кийиминде кандын тагы бар экенин көрсөткөн.