Чек арада кармалган 3 Тажик жараны УКМКга өткөрүп берилди

Кыргыз-тажик чек арасында 28-майга караган түнү саат 12лер чамасында кармалган үч тажикстандык жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берилгендиги маалым болду.

УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева жогорудагы маалымат боюнча: “Ош облусунун Чоң-Алай жергесинде жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрмө жайынан тышкары жерден өтүүгө аракет кылган Тажикстандын үч жаранын кармашкан. Аларды чек арачыларга өткөрүп беришти. Чек арачылар өз кезегинде тийиштүү документтерди толтуруп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, — деди.

Тажикстан тарап кармалган үч жараны боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. “Азаттык” радиосунун тажик кызматы алардын аты-жөнү жана учурда кайда экендиги тууралуу маалымат жок экендигин жазып чыкты.

Ошондой эле Тажикстандын маалымат агенттиги жогорудагы окуяга чейин 26-майда Исфара шаарынын жанындагы тактала элек тилкеде да эки жараны чек арадан кармалып, кийин коё берилгенин жазышкан. “Азаттыктын” тажик кызматы 27 жана 75 жаштагы эки тажикстандык талаага жайылган малын издеп жүрүп кыргыз чек арачыларына кармалганын жана кайра коё берилгенин кошумча маалымат катары жазышкан. Кыргыз тарап бул тууралуу расмий маалымат бере элек.