Чек арада окко учкан 13 жаштагы Мадинанын элеси эми эстеликте…

Бүгүн, 15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Анда “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду.

Эстеликтеги кыз — кыргыз-тажик чек ара окуясынын курмандыгы болгон Мадина. Колуна кармаган жети көгүчкөн тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символун чагылдырган. Эстелик мемориалынын автору, жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.