Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча Алимбаев менен Ахмадзоданын жолугушуусу башталды

Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча Алимбаев менен Ахмадзоданын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Бүгүн, 13-апрелге караган түнү саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (Кыргызстан) жана “Овчи-Калча-авто жол” (Тажикстан) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.

Саат 11:00дө жолугушуунун экинчи бөлүгү президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен жолугушуусу башталды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилери айтылды.