Чек арадагы атышууда жаракат алган чек арачыга операция жасалат

Улуттук госпиталда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган чек ара кызматкерине операция жасалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2000-жылы туулган чек арачынын абалы оор деп бааланууда.

Ошондой эле жаракат алган 2001-жылкы чек арачынын абалы да туруктуу оор. Экөө тең бүгүн, 4-июнда Бишкекке жеткирилген.