Чек арадагы атышууда каза болгон 22 жаштагы Алишер Набиевдин ысымы айылындагы көчөгө ыйгарылды

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 22 жаштагы аскер Алишер Набиев көз жумган.

Анын ысымы Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы көчөгө берилди.

Жакындары журналисттерге анын үй-бүлөдөгү улуу баласы экенин, күзүндө үйлөнөм деп жүргөнүн айтып беришкен.  «Үй-бүлөнүн улуу баласы болчу. Атасы жакында эле Орусиядан келген. Күзүндө үйлөнөм деп жүргөн. Ал боорукер, шайыр жигит болчу. Ал башка жигиттердей эле мекенин коргоого армияга кеткен, кызматты өтөп, март айында ошол жерде иштөөгө калып калган»,- дешкен.