Чек арадагы атышуудан каза болгондордун саны 37 адамга жетти

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен 37 жаран каза болуп, 129 жаран жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдар боюнча Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан иш-чаралар уюштурулууда.
Жабыркаган жарандарга 177 тонна, анын ичинен 86,7 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Андан сырткары кампага чогулган 90,3 тонна гуманитардык жардам сакталууда.