Баткендеги кырдаалга байланыштуу соңку маалымат боюнча аймактан болжол менен 11 миң 52 адам эвакуацияланды. Алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды. Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айыл аймагы, Самаркандек айыл аймагынан Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 миңге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү. Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына көчүрүлдү. Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана И.Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды. Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.
Чек арадагы чырдан улам Баткенде 11 миңден ашуун адам көчүрүлдү
Чек арадагы чырдан улам Баткенде 11 миңден ашуун адам көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды.
- Categories: КООМ
Related Content
Эмгек министрлигинде жүргүзүлгөн аудитте 36 миллион сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана кемчиликтер катталды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:19 07.03.2026
Ош шаарында жалпы ишембилик башталды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
12:27 07.03.2026
Катардагы круиздик лайнерден 134 кыргызстандык Бишкекке кайтуу үчүн Сауд Аравиясына жөнөп кетишти
Автор
СЕРЕП МЕДИА
12:21 07.03.2026
Эсептөө палатасы Маданият министрлигиндеги аудитте ички көзөмөл жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнүн аныктады
Автор
СЕРЕП МЕДИА
12:18 07.03.2026
Эсептөө палатасы: Мамлекеттик дотациянын алкагында таратылган үрөндөрдүн үлүшү 3 пайызды гана түзгөн
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:30 07.03.2026