Чек арадагы жаңжал. Кызыл-Белде ок атышуу башталды

Кыргыз-тажик чек арасындагы Кызыл-Бел айылында кайрадан ок атышуу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ок атышуу болжол менен саат 16:14 чамасында башталган. «Тажикстан тарапта гаубицалар коюлган. Абал курч», — деп билдиришти. Чек ара кызматы азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек.