Чек арадагы жаңжал. Тажик мэри октон жаракат алды

Тажикстандын Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода чек арадагы жаңжалда октон жаракат алды. Бул тууралуу шаар мэриясына таянып РИА Новости билдирди.

Маалыматка караганда, мэрдин ийинине ок тийген. Учурда абалы туруктуу. Исфара шаарынын мэриясы жалпысынан 3 тажик жараны каза таап, 31 адам жаракат алганын маалымдады.