Чек арадагы жаңжалда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрү үчүн 36 турак үйдүн курулушу башталды

Президент Садыр Жапаровдун 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүн ар тараптуу колдоо боюнча демилгесинин алкагында бүгүн, 9-майда Баткен шаарында 36 турак үйдун курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Турак үйдүн капсула салуу аземине президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, «Ихлас» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын жакындары катышты. Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.

Турак үйдүн курулушу ата мекендик «Каганат» инвест холдингинин «Ихлас» курулуш компаниясы тарабынан башталды. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды.